super.kg logo

Оштогу "снос" иштери уланат (видео)

 
Бүгүн, 21-февралда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаар аймагын кыдырып, маанилүү инфраструктуралык долбоорлор боюнча жеринде таанышып, тиешелүү пландарды түзүүдө. Шаар башчысы тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Төлөгөн Касымбеков көчөсүнө түшчү эс алуу паркын жеринен көрүп чыкты.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, анын жүрүшүндө аталган аймактагы ишкерлердин жана жергиликтүү тургундардын сунуш-пикирлери угулду. Жашоочулар бул аймакта майыптыгы бар жарандар жана кары-картаңдар жашай турганын белгилеп, буга чейин бошотулган жер тилкелерин башка максатта пайдаланбоону өтүнүштү.
Шаар мэри Төлөгөн Касымбеков көчөсү Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгындагы негизги көчөлөрдүн бири экенин, аэропорттон жана "Достук" өткөрмө бекети аркылуу Өзбекстандан келген туристтер дал ушул көчө аркылуу шаарга кирерин белгиледи. Ушуга байланыштуу аталган көчөнүн инфраструктурасын жакшыртуу мэриянын приоритеттүү багыттарынын бири экенин баса белгиледи.
Ошондой эле шаар башчысы Касымбеков көчөсүндө заманбап эс алуу паркы куруларын, буга чейин иштелип чыккан долбоор толугу менен улантыларын маалымдады. Ал мындан ары шаардыктар менен тыгыз кызматташып, сапаттуу жана заманбап долбоорлорду ишке ашыруу негизги максат экенин кошумчалады.





Оштогу "снос" иштери уланат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: