super.kg logo

Кыргыз тилин талап кылган Айтилек Орозбеков анын камалышын кимдер уюштурганын ачыктады (видео)

 

Кыргыз тилин талап кылып камалган Айтилек Орозбеков ага кылмыш ишинин козголушуна кимдер кызыкдар болгондугун ачыктады. Социалдык тармактагы баракчасынан кайрылуу жасап, "Куликов" кондитердик үйүнүн кызматкерлеринен мурун аны каматууга аракет кылып арыз бергендер парламенттин депутаттары экенин айтып, алар кимге таянганын да билдирди.

Ошондой эле аны кармоо учурундагы жосунсуз аракеттер жакында эле кармалган УКМКнын Бишкек шаары боюнча мурдагы башкармалыгынын башчысы Элдар Жакыпбековго таянган анын бир тууган жездеси тарабынан уюштурулганын белгиледи.

"Элдар Жакыпбековдун бир тууган жездеси Руфат Абдразаков. Ал мен камалганда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болчу. Мени спецназдар келип баса калып, тепкилеп кармап кетишкен. Чүй облустук милициясына баргандан кийин, камералар өчүрүлгөн соң, алардын бири беткабын чечип, жетекчилик "сенин жаныңда жардыруучу зат, курал бар дегенинен барып баса калдык" деп менден кечирим сурашкан. Анткени Александровкада, борбордук аянттагы "Кульжа Хого", "Кореянка" деген кафелерге Руфат Абдразаковдун түздөн-түз тиешеси бар. Бул жерде анын эле эмес Жогорку Кеңештин депутаттары Карим Ханжезанын, экс-депутат Лейла Лурованын да тиешеси бар. Ушулар биригип алып менин каматкан. Булар Элдар Жакыпбековго ишенип алып бардык нерсени жасашкан. Анткени мен "Кульжа Хого" деген кафеге тийишип коём. Алар кытайча, ар кайсы тилде (ред.: меню, фасад) жазышканда мамлекеттик тилде жазгыла деген мыйзамды көрсөткөм. Ошонун негизинде Руфат Абдразаков мага иш козготот. Менде кылмыш иши жок, мен эч качан улуттар аралык кастыкты козутту дегенди моюнума албайм", - деди ал.

Орозбеков ага карата козголгон кылмыштын эскпертизасы жасалганын айтып, "Куликов" кондитердик үйүнөн арыз эмнеге резонанс болгонун белгиледи. Ал Руфат Абдразаков тергөөчү аркылуу жогоруда аталган кафелерден арыз жаздыртып, кайра даттанууларын кайтарткан деп эсептейт. Акырында кондитердик үйүнүн арызы ага кылмыш ишин козгоого негиз болуп калганын билдирди.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын 6-майында 30 жаштагы блогер Айтилек Орозбеков Чүй облустук милициясы тарабынан кармалып, Свердлов райондук соту үй камагына чыгарган. Ал 9 ай үй камагында жаткан, ага кыргыз тилин талап кылганы үчүн жогоруда аталган кондитердик үйүнүн арызы себеп болгонун билдирген. Бул көрүнүш коомчулукта массалык нааразычылык жаратты. Кийин блогер менен "Куликов" кондитердик үйүнүн тирешүүсү жоюлган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
22.02.2026. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эне тилибизди кор кылган Руфат жана ушуга окшогондордун орду түбөлүктүү абакта болушу зарыл, Айтилек башты бийик көтөр, биз сени мененбиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: