super.kg logo

Окуучу тарабынан сабалган агайдан министр жана мэр кабар алды (видео)

 

Бишкек шаарында мэр Айбек Жунушалиев жана агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева окуучунун кол салуусунан жабыркаган №83 мектептин аскерге чейинки даярдоо мугалими Болатхан Карибжановду көрүп, ден соолугун сурашты. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, алар мугалимдин абалынан кабар алып, колдоо сөздөрүн айтышып, тезирээк сакайып кетишин каалашты.

Мындан тышкары мэр менен министрдин жолугушуусунда мектеп окуучуларынын арасындагы агрессиянын деңгээлин төмөндөтүү жана ушундай окуялардын алдын алуу максатында ата-энелер менен кеңейтилген жыйын өткөрүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле тараптар коопсуздук чараларын күчөтүү жана билим берүү мекемелеринде видеобайкоо системаларын кеңейтүү боюнча макулдашышты.

Жунушалиев мэрия 2025-жылы борбор калаанын мектептеринде видеобайкоо системаларын орнотуу жана жаңылоо үчүн 160 миллион сом бөлгөнүн белгиледи.






Окуучу тарабынан сабалган агайдан министр жана мэр кабар алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: