Жекшембидеги рейд. Оштун мэри Навои атындагы парктагы ишкерлердин маселелерин жеринде укту (видео)
Бүгүн, 22-февралда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте, ишкерлердин кайрылуусунун негизинде Алишер Навои атындагы парк аймагына барып, парктын ичиндеги көйгөйлөрдү жеринен көрүп чыкты.Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, шаар башчысы парк аймагында соода-сатык жайларын иштетип келген ишкерлер жана жаңы объектилерди куруп жаткан тараптар менен жолугуп, алардын ортосунда жаралган пикир келишпестиктердин себептерин тактап, бардык тараптардын жүйөлөрүн укту.
Соодагерлер дүкөндөрүн бир катарга тизбестен, ар кайсы жерге чачып жайгаштырууну талап кылышууда.
Мэр өз сөзүндө шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарт түзүү, ишкерлердин укуктарын коргоо жана шаар аймагындагы тартипти сактоо башкы приоритет экенин айтып, маселени мыйзам чегинде, адилеттүү жана ачык-айкын чечүү зарылдыгын баса белгиледи.
Оштун мэри Навои атындагы парктагы ишкерлердин маселелерин жеринде укту
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:9
2026-02-23
17:46
2026-02-22
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















