Шамалдан улам "Ала-Арча" паркындагы жаңы асма жол 30 мүнөттөй токтоп калды
Бүгүн, 22-февралда күндүз "Ала-Арча" жаратылыш паркындагы жаңы асма жолу убактылуу иштебей калды. Күбөлөрдүн айтымында, кабиналар болжол менен 30 мүнөттөй жылбай калган.
Окуя болгон жерде кызматкерлер техникалык мүчүлүштүктү жоюу иштерин жүргүзүштү.
"Ала-Арча" жаратылыш паркынын администрациясы билдиргендей, асма жолдун токтотулушу шамалдын күчөшүнө байланыштуу болгон. Коопсуздукту камсыз кылуу максатында адистер жөнгө салуу иштерин жүргүзүштү.
Эскерте кетсек, асма жол президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 18-февралда колдонууга берилген.
Асма жол
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:46
2026-02-22
12:54
2026-02-22
11:25
2026-02-22
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















