Турсунбай Бакир уулу: "КТРКнын маалыматтык саясатын көзөмөлдөгөн бирөө барбы? Эмнеге Иранды эфирден 50 мүнөт жамандайт?"
КТРКнын эфиринен Иранды жамандаган 50 мүнөттүк көрсөтүү берилгенин бүгүн, 23-январда парламентте депутат Турсунбай Бакир уулу айтып чыкты. Депутат аталган телеканалдын маалыматтык саясатына нааразы.
"Иранды 50 мүнөт жамандап туруп алды. Эмнеге? Эртең Иран бизге нота жөнөтсө эмне деп жооп беребиз? Убагында Аскар Акаев Иерусалим Израилдин борбору деп балээге калган. Кечээ да ошентип жатат. Иерусалим Израилдин борбору эмес",- деди Бакир уулу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

