super.kg logo

Таттуу рахмат: «Умай Групп» мырзаларды 23-февраль менен куттуктады 

 

Жыл сайын 23-февралга карата мырзалар байпак, душ гели сыяктуу кадимки белектерди алышат. А бул практикалык, адаттагыдай, эч кандай күтүүсүздүк эмес. Бирок майрамдык витриналардын сыртында формалдуулук үчүн эмес иштеген эркектер бар. Алардын иши – жоопкерчилик. Түнкү нөөмөттөр. Башкалар уктап жатканда түшкөн чакырыктар. Миңдеген адамдардын коопсуздугу менен тынчтыгына таасир эткен чечимдер.

Бул жылы «Умай Групп» ыраазчылыкты стандарттуу топтом менен эмес, жылуулук жана көңүл буруу менен башкача айтууну чечти. Компаниянын өкүлдөрү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга барып, мырзаларды фирмалык торттор менен куттуктап, ыраазычылык айтышты.

ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрү жана куткаруучулары. Улуттук гвардиянын аскер кызматкерлери. Бишкек ШИИББнин Патрулдук милиция кызматкерлери. Бишкек мэриясынын Транспорт департаментинин айдоочулары, борбор калаанын Түндүк РЭСи жана «Тазалык» муниципалдык ишканасы. Ошондой эле шаардык ооруканалардын бириндеги хирург дарыгерлер. Үйлөргө жарык менен жылуулук бергендер. Көчөлөрдө тартипти сактагандар. Адам өмүрүн сактагандар. Тез жана жаңылышууга укугу жок чечим кабыл алгандар.

"Кыргызстандын жашоосун коопсуз жана туруктуу кылып жатканы үчүн биз алардын оор күндөрүнө бир аз таттуулук кошуп, эмгеги, эрдиги жана ишине берилгендиги үчүн жеке ыраазычылык билдиргибиз келди", – деди “Умай Групп” компаниясынын PR-менеджери Бермет Танабаева.

Бул демилге «Умай Групп – өлкө жана коом үчүн» программасынын бир бөлүгү болду. Компания шаардык кызматтарды, социалдык долбоорлорду жана коомдук демилгелерди системалуу түрдө колдоп келет. Анткени күчтүү коомсуз туруктуу бизнес мүмкүн эмес.

Кээде ыраазычылык – бул катуу айтылган сөздөр эмес. Кээде бул жөн гана бөлүмгө же нөөмөт бөлмөсүнө жеткирилген торт жана шаарыбызды күн сайын таза кармап жаткан адамдарга чын дилден айтылган ыраазычылык!

Биз өлкөбүздүн ар бир мырзасын майрамы менен куттуктайбыз жана тынчтык, ден соолук, бакубат жашоо жана келечекке ишеним каалайбыз. Бактылуу болуп, ар дайым жакындарыңыздын жанында болуңуз!

“Умай Групп” өлкөдөгү эң ири компания-ретейлер. Бүгүнкү күндө ал Globus, SPAR, "Народный" жана "Достор" төрт түйүндөрүнүн дүкөндөрү менен супермаркеттерин башкарат.





кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: