Депутат Кундузбек Сулаймановдун ордуна ким келиши мүмкүн?

Бүгүн, 23-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулаймановдун арызын карайт. Эл өкүлү өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда жана өз ыктыяры менен тапшыруу чечимин кабыл алганы буга чейин белгилүү болгон эле.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, эгер депутат ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотсо, анын мандаты кийинки талапкерге өткөрүлүп берилет. №14 шайлоо округунда добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча тизмеде кийинки болуп Райимберди Дүйшенбиев турат. Ага 6 миң 605 шайлоочу добуш берип, бул жалпы добуштардын 12,24 пайызын түзгөн.

Райимберди Дүйшенбиев аскер кызматкери, генерал-майор. Ал Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:03
2026-02-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















