Путин менен Зеленский жакынкы жумаларда жолугушу мүмкүн экени айтылды
АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф жакынкы жумаларда Путин, Трамп жана Зеленскийдин үч тараптуу жолугушуусу болушу мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Стив Уиткоффтун айтымында, жолугушуу акыркы үч жуманын ичинде болушу ыктымал.
"Жакынкы жумаларда жакшы кабар угасыңар деп үмүттөнөм. Мен жакынкы үч жумада эки тарапты бириктире турган, Путин менен Зеленскийдин саммитине кээ бир сунуштарды берем. Балким, буга АКШнын президенти дагы катышат",- деген ал жергиликтүү телеканалдарга маек берип жатып.
Ошондой эле аталган жолугушуу жакшы жыйынтык көрсөтөрүнө ишенбегенде Трамп ага катышмак эместигин кошумчалаган.
Белгилей кетсек, 17-18-февралда Женевада Орусия, Украина жана АКШнын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасы өткөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















