Бишкекте алдамчылыкка шектелип мурда издөөдө жүргөн жаран кармалды
Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелип мурда издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу 23-февралда Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, милицияга 2021-жылдын 2-апрелинде М.К. аттуу жаран чала тааныш Э. аттуу жаранга карата арызы менен кайрылган. Анда 2020-жылдын 10-ноябрынан 2021-жылдын 15-январына чейинки аралыкта аталган жаран арыз ээсинин уулунун Орусиянын Москва шаарында камакка алынган маселесин чечип берем деген шылтоо менен 1 миллион 50 миң рубль өлчөмүндөгү акча каражатын алып, изин жашырган.
Аталган факт боюнча 2017-жылдын 2-февралында Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. 2021-жылдын 14-ноябрында шектүүгө издөө жарыяланган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2026-жылдын 20-февралында 1985-жылы туулган И.Э. аттуу жаран камакка алынды. Азыркы учурда тергөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















