super.kg logo

Окумуштуулар ракты дарылоого мышыктар жардам берерин аныкташты 

 

Британиялык Сэнгер институтунун окумуштуулары адамдардагы рак оорусу менен күрөшүүгө мышыктар жардам берерин аныкташты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматтар боюнча, аталган жаныбарларда рак оорусуна алып келүүчү механизмдер адамдардыкына окшош болот. Мындан улам аларга анализ жүргүзүү менен оорунун келип чыгышын жана дарылоону аныктоого мүмкүн.

Анализ жүргүзгөн окумуштуулар беш өлкөдөн келген 500гө жакын үй мышыктарындагы шишиктердин ар кандай түрлөрүн анализдеген. Мисалы, изилдөөчүлөр мышыктардагы сүт безинин рагы менен адамдардагы сүт безинин рагы ортосунда окшоштуктарды табышкан. Мышыктар адамдар сыяктуу экологиялык коркунучтарга дуушар болушат, демек, рактын кээ бир себептери жалпы болушу мүмкүн.

Окумуштуулар мындай окшоштуктар келечекте мышыктарда, андан кийин адамдарда ракты дарылоо ыкмаларын аныктоого жардам бере турганын билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: