Андерсондун тасмасы Британия кино сыйлыгында 6 сыйлыкты жеңип алды
Пол Томас Андерсондун "Кармаш артынан кармаш" тасмасы Британия кино жана телекөрсөтүү искусство академиясынын 79-сыйлык тапшыруу аземинде 6 сыйлыкка ээ болду. Азем жекшемби күнү кечинде Лондондо өттү.
Тасма "Эң мыкты тасма", "Адаптацияланган сценарий", "Оператордук иш жана монтаж" сыйлыктарын жеңди. Андерсон өзү "Эң мыкты режиссёрдук иш" наамын жеңип алса, тасмада башкы ролду ойногон Шон Пенн "Эң мыкты экинчи пландагы актёр" наамын жеңип алды.
Хлоя Чжаонун "Гамнет" тасмасы "Эң мыкты британиялык тасма" наамын жеңип алды. Башкы ролду ойногон Жесси Бакли "Эң мыкты актриса" сыйлыгына татыды.
Райан Куглердин "Күнөөкөрлөр" тасмасы үч сыйлыкка ээ болду. Тагыраагы, "Эң мыкты экинчи пландагы актриса" наамын Вунми Мосаку алды, "Түпнуска сценарий" жана "Түпнуска музыка" сыйлыктарына да татыды.
Даниялык режиссёр Йоаким Триердин "Sentimental Value" драмасы "Чет тилдеги мыкты тасма" наамын жеңип алды.
Айта кетсек, "Кармаш артынан кармаш" тасмасы "Алтын глобус" сыйлыгында да ийгиликтүү болгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















