ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 23-февралдан 1-мартка чейин
КОЙ
(21.03–20.04)
Өзүңүздү алсыз сезесиз. Андыктан иммунитетти чыңдап, энергия топтоого аракет жасаңыз. Эл көп топтолгон жерлерге көп чыкпаганга аракет кылыңыз, вирустук оору жуктуруп алышыңыз мүмкүн. Жумушта күтүүсүз өзгөрүүлөр болбойт, бардыгы бир калыпта өтмөкчү. Кесиптик иш сапарга чыгууңуз мүмкүн. Убактыңыздын көбүн жеке жашоодогу маселелерди чечкенге арнаганыңыз жакшы. Финансылык жаатта колго тийген акчаны коротуп салбай, аз да болсо инвестиция кылыңыз.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Сизге финансылык сабаттуулук жетпей жатат. Өзүңүздүн алыңыз келбей жатса, адистерге кайрылыңыз, алардан үйрөнүп алсаңыз каржы тармагы оң жолго түшмөкчү. Чымынды пил кылып ойлонуу жөндөмүңүз менен өзүңүзгө өзүңүз маселе ойлоп таап алгандан качыңыз. Алыста жүргөн жакшы санаалаш адам келип кубантат. Балдарыңыздын ийгилигине күбө болосуз. Дем алыш күндөрү алдын ала ойлонуп койгон пландар бузулат, андыктан маанилүү нерсе пландабай туруңуз.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Бул аптада элдин көңүл борборунда болгуңуз келбей, чакан жана ишенимдүү адамдардын гана жаныңызда болушун каалайсыз. Бирок жашоонун планы башка болуп, уюштуруучулук чылбыр колуңузга тиет. Коркпоңуз, баары ойдогудай өтмөкчү. Баса, кандай кырдаал болбосун ашыкча санааркап, толкунданбаңыз, ден соолукка зыяны тиет. Аптанын экинчи жарымында профессионалдык тармакта ийгилик күтөт. Натыйжада чөнтөккө да ири сумма түшүүсү ыктымал.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Алдын ала план, максаттарды эч ким менен бөлүшпөй туруңуз, ишке ашпай калуусу мүмкүн. Шаршемби күнү үй, оңдоп-түзөө иштери алдыңкы планга чыгып, буга ири суммадагы каражат сарпталышы ыктымал. Жумушта кимдир бирөөнүн провокациясына туш болушуңуз мүмкүн, кызуу кандуулукка алдырбай, ойлонуп чечим чыгарыңыз, жеңиш сиз тарапта болот. Апта соңу жеке жашоого өзгөртүү киргизип, эксперимент жасаганга аракет кылыңыз, түгөйүңүз тараптан колдоо гана күтөт.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Үйдө, көчөдө же кайсы жерде болбосун кыймыл-аракетиңизге сак болуп, абайлаңыз, майда жаракатка кабылуу коркунучу бар. Жумушта лидерликти талашпай, башкалардын оюна кошулуп, эл катарында болгонуңуз туура. Кайрымдуулук жасашыңыз мүмкүн. Бул күндөрү жан дүйнө тынчтыгы, гармонияга келүү деген сыяктуу практикалар менен алек болсоңуз, эс алып, энергия топтоп аласыз. Дем алыш күндөрү үйүңүзгө күтүүсүз коноктор келип шаштыңызды алышы мүмкүн.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Бул аптада бийкечтерди популярдуулук күтөт. Мурда жасаган ишиңиздин үзүрүн көрүп, эл көзүндө, сөзүндө болосуз. Мындан пайдаланып жетекчилик менен карьералык тепкичтен жогорулоо тууралуу сүйлөшсөңүз болот. Жаңы таанышуулар орун алат, достордун катары толукталышы мүмкүн. Сизден бир нерсе үйрөнөм деп келгендерге баш тартпай, устатчылык кесипти да аркалап көрүңүз. Апта соңу базарга же дүкөнгө барып соода кылышыңыз күтүлөт.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Таразаларга жылдыздар бул күндөрү тайманбастан өзгөчө идеяларды ишке ашырууну сунушташат. Башкаларды көндүрүүгө чечендик сапатыңызды ойготуңуз, сиздин колдон келет. Негизгиси баштаңыз, калганы жипке тизген шурудай шыр кетет. Пайдасы бар жана пайдасы жок деп жаныңыздагыларды бөлбөңүз, болбосо сизди да ошентип бөлгөндөргө туш болосуз. Жакшы жаңылык сизди үй-бүлөңүз менен сыймыктанууга алып келет. Апта соңу тынч, курч окуяларсыз өтөт.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Эң оор делген жумуштар бул аптада чаяндар үчүн оңой сезилет. Кесиптештердин кеңешинен, жардамынан баш тартпаңыз. Эмоциялардын жетегинде болбой, акыл-эс менен ой жүгүрткөнгө аракет кылыңыз. Болбосо түгөйүңүз менен пикир келишпестик жаралышы мүмкүн. Буга чейин баш көтөрбөй иштегендер апта соңу өзүн кубантып шопингге чыгышы күтүлөт. Дем алыш күндөрү үйгө камалбай, сыртка чыгып эс алуу мүмкүнчүлүгүн издеңиз. Сунуш болсо баш тартпаңыз.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Венера планетасы жаачыларга өз мээримин тартуулайт. Андыктан бул күндөрү жеке жашоого тиешелүү маселелерди чечип, суроолорго жооп табууга мүмкүнчүлүктөр болот, пайдаланып калыңыз. Айрыкча бойдоктор үчүн ийгиликтүү апта, кокустан таанышуулардын аягы жакшы бүтүшү күтүлөт. Бул күндөрү көргөн түшүңөргө маани бере жүрүңүз, жакшы аян түшүүсү мүмкүн. Дем алышты өзүңүзгө арнаңыз, жакшы тасма көрүп, китеп окуп, музыка угуп, сейилдеп...
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Ойлогон ойлоруңуз каржылык мүмкүнчүлүктөр менен дал келишпей маанайыңыз түшүүсү мүмкүн. Кайгырбаңыз, бул утурумдук оорчулук. Аптанын ортосу көзгө илинбеген майда-чүйдө жумуштар болгон энергияңызды алып койгондой чарчайсыз. Жакындарыңыздын бирине жардамыңыз керек болушу мүмкүн. Сүйүү мамилесинде кызганычка жол бербегенге аракет кылыңыз. Апта соңу бактылуулукта өтөт, үй-бүлөңүздүн кашында өзүңүздүн баалуулугуңузду сезесиз.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Жеке жашоодо жаралган түшүнбөстүктөр ушул аптада чечилип, баары өз калыбына келмекчи. Түгөйүңүздү майда-чүйдө үчүн жемелей бербей, өзүңүздү кармаганга аракет кылыңыз. Жумушта кесиптеш, өнөктөштөр менен бир толкунда болуп, ишиңизде маселе жаралбай жеңил жүрөт. Жума күнү өзүңүздүн келбетке кам көрүп, сулууланып койсоңуз ашыкча болбойт. Ден соолукту чыңдоо үчүн активдүү болуңуз, спорт кошсоңуз ого бетер жакшы. Дем алыш күндөрүн үйдө өткөрөсүз.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Бул аптада балыктарды чоң жетишкендиктер күтүп турат. Жумушта материалдык да, профессионалдык да ийгиликтер коштойт. Айткан сөзүңүз, жасаган ишиңиз элдин колдоосуна татып, мактоого арзыйсыз. Аптанын ортосу күтүү мезгили болот, жумушка же жеке жашоого байланыштуу. Апта соңу пландарыңызга өзгөртүү киргизип, майрамдык иш-чарага катышууңуз күтүлөт. Ал жакта элдин көңүлүн ачкан “душа компании” болосуз. Жолдо жүрүүдө абайлаңыз.
0


Супер-Инфо
super.kg видео
















