CNN: Кытай жаңы муундагы ядролук куралдарды иштеп жатат

АКШнын чалгын кызматы Кытай жаңы муундагы ядролук куралдарды иштеп жатат деп эсептейт. Бул тууралуу CNN телеканалы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын июнунда Кытай өткөргөн деп айтылган сыноолордун максаты - өлкөнүн ядролук потенциалын дүйнөдөгү эң өнүккөн деңгээлге жеткирүү болгон.
Телеканал билдиргендей, анын ичинде бир нече ядролук бөлүктү көтөрө алган ракета жана мурда жок болгон аз кубаттуулуктагы тактикалык ядролук куралдар иштелип чыгууда.
Кытайдын Вашингтондогу элчилиги CNN'ге билдиргендей, АКШнын мындай билдирүүлөрү кытайдын ядролук саясатын бурмалоо жана саясий манипуляция деп эсептелет. Элчилик ошондой эле, Кытай тарабынан ядролук сыноо өткөрүлгөнү тууралуу маалыматтарды негизсиз деп атады.
АКШ расмийлери болсо, президент Дональд Трамптын администрациясы Кытайды ядролук курал боюнча макулдашууларга кошуу аракетин көрүп жатканын билдиришти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















