super.kg logo

Бишкекте милиция кызматкерин сүзгөн айдоочу кармалды (видео)

 

Бишкек шаарында милиция кызматкерин сүзгөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу 23-февралда Биринчи май РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-февралда саат 04:55 чамасында Лада Приора үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаргандыгы үчүн Манас көчөсүндө жайгашкан айып короого токтотулган. Административдик протокол түзүлүп жаткан учурда айдоочу айып короонун аймагынан, милиция кызматкерлеринин уруксатысыз унаанын рулуна отуруп, кызматкерлерди сүзүп кеткен.

Натыйжада милициянын кенже сержанты А.К. унаанын капотунда калып, болжол менен 20-30 метр аралыкка чейин сүйрөлгөн. Андан соң айдоочу окуя болгон жерден белгисиз багытта изин жашырып кеткен. Окуянын кесепетинен милиция кызматкери денесинен жаракат алган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (Бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1995-жылы туулган А.С. аттуу жаран кармалган. Учурда тергөө иштери улантылууда.






Бишкекте милиция кызматкерин сүзгөн айдоочу кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: