Мексикада баңгизат ташыган уюмдун лидери жок кылынып, өлкөдө баш аламандык орун алды (видео)
Мексикада атайын операция учурунда өлкөдөгү эң ири баңгизат ташыган кылмыштуу уюмдардын биринин лидери Немесио Осегера Сервантес жок кылынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
Эль Менчо кайман аты менен таанымал болгон бул жаран көп жылдар бою "Халисконун жаңы мууну" деп аталган баңгизат ташыган кылмыштуу уюмду жетектеп келген. Анын жетекчилигиндеги топ кокаин, метамфетамин жана фентанил сыяктуу баңгизаттарды АКШга мыйзамсыз жеткирүү менен алектенген.
Кылмыштуу уюмдун лидеринин өлтүрүлүшүнөн кийин өлкөдө абал курчуду. Веракрус, Мичоакан, Халиско, Тамаулипас, Герреро жана Нуэво-Леон штаттарында жолдор тосулуп, автоунаалар жана ишканалар өрттөлдү. Айрыкча Халиско штатында кырдаал оор, анткени бул аймак "Халисконун жаңы мууну" кылмыштуу уюмунун борбору болуп саналат. Бийлик кырдаалды көзөмөлгө алуу үчүн кошумча күчтөрдү тартууда.
Мексикада баңгизат ташыган уюмдун лидери жлк кылынып, өлкөдө башаламандык орун алды
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















