Түркияда 16 унаа катышкан ири жол кырсыгы катталды (видео)
Түркиянын Сакария аймагында 16 унаанын катышуусунда ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Андагы маалыматтар боюнча, кырсык 23-февралда аталган аймактагы Анадолу жолунда болгон. Анда кичи автобустар жана жүк ташуучу унаалардан турган 16 унаа катышкан кагылыш болгон. Жол кырсыгынан 13 адам жабыркап, алардын төртөө оор абалда экени айтылды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыкка жол жээгиндеги күйүп кеткен дөңгөлөктөр себеп болгон. Анда айдоочуларга түтүндөн улам жол көрүнбөй, кыймылын күтүүсүз токтотууга туура келген. Алардын артындагы унаалар жана автобустар өз убагында реакция кыла алышкан эмес.
Учурда кырсыктын чоо-жайын жана так себептерин иликтөө иштери жүрүп жатат.
Түркияда 16 унаа катышкан ири жол кырсыгы катталды
Түркияда 16 унаа катышкан ири жол кырсыгы катталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:32
2026-02-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















