Жеки Чан казакстандык фигуристке оюнчук пандаларды белек кылды
Италияда өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарынын алкагында өткөн көрсөтмө номерден кийин белгилүү актёр Жеки Чан муз үстүнө чыгып, казакстандык Олимпиада чемпиону Михаил Шайдоровго эки жумшак панда белек кылды.
Маалыматка ылайык, көрсөтмө программалары ишемби күнү өткөн. Шайдоров муз аянтына “Кунг-фу Панда”мультфильминдеги башкы каарман Понун образында чыкты.
Номерден кийин актёр спортчуну жылуу кучактап, белегин тапшырды.
“Мен муну ичимден каалагам, бирок баары күтүүсүз болду. Муз аянтчасына келгенде Жеки Чандын бул жерде экенин билдим. Дароо сүрөткө түшүүгө чуркадым. Ал мени куттуктап, анын гала-номеримди сөзсүз көрүшү керектигин айттым. Ал макул болду. Бул укмуш сезим”,- деди спортчу.
Буга чейин Шайдоров эркектер арасындагы жалгыз муз тебүүдө Олимпиада-2026нын алтын медалын жеңген.
Милан жана Кортина-д’Ампеццодо өткөн Олимпиада оюндары 22-февралда жыйынтыкталды.
Жеки Чан Олимпиада чемпиону Михаил Шайдоровго эки жумшак панда белек кылды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















