Бишкек мэри ЦУМдун жанындагы объектти буздуруу боюнча түшүндүрмө берди
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев ЦУМдун жанындагы оргуманын ордуна темирден салынып жаткан объектти бузуу иштеринин башталышына түшүндүрмө берди. Анын видеокайрылуусун калаа мэриясы жарыялады.
Жунушалиевдин айтымында, курулушту бузуу боюнча 3 күндүк мөөнөт берилген, бирок алар тапшырманы аткарбагындыктан мэрия атайын техникаларды киргизген. Мындан улам долбоордун жетекчилиги бузуу иштерин кайра колго алышкан. Натыйжада, мэрия техникаларын алып чыгып кеткен.
"Дагы деле көзөмөлдөп жатабыз. Эгер созуп, же кайра башка нукка алып кете турган болсо, биз кайта киребиз. Алар бизге "бузуу иштери бүткөндөн кийин мурунку оргума аянтчасы калыбына келтирилет" деген убадасын беришти. Болбосо биз өзүбүз киришип, курганга даярбыз. Биз кире турган болсок, ал жерди муниципалдык менчикке алабыз", - деди мэр.
Бишкек мэри ЦУМдун жанындагы объектти буздуруу боюнча түшүндүрмө берди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:23
2026-02-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















