Жогорку Кеңеште элчиликтердин иши жана студенттердин билим алуусу талкууланды
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын Түркия жана Бельгиядагы элчиликтеринин 2024–2025-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угулду.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, анда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Руслан Казакбаев баяндама жасап, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жана жетишкендиктерди сөз кылды. Депутат Гуля Кожокулова саламаттык сактоо жана медициналык илимдер жаатындагы кызматташтыкта кыргыз жарандарына Түркиянын ооруканаларында берилген акысыз дарылануу квоталарын көбөйтүү маселесин көтөрдү. Ал 2021-жылы 30 жаран дарыланса, 2024-жылы 86 адамга жеткенин, ал эми 2025-жылы 48 гана жаран дарыланганын белгилеп, дипломатиялык мекеменин ишин жандандырууну сунуштады.
Комитеттин мүчөлөрү ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бельгия Королдугундагы элчилигинин 2024–2025-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты угушту. Элчилик атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Айдит Эркин депутаттардын суроолоруна жооп берип, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Өзгөчө Бенилюкс өлкөлөрүндөгү жогорку окуу жайларда билим алган студенттердин санын көбөйтүү зарылдыгы белгиленди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















