super.kg logo

Министр Жээнбек Кулубаев Иньяцио Кассис менен жолугушту

 

Бүгүн, 23-февралда Женева шаарында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 61-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги сегментинин алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швейцария Конфедерациясынын Федералдык тышкы иштер департаментинин башчысы Иньяцио Кассис менен жолугушуу өткөрдү.

ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-швейцар кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын талкуулашты. Атап айтканда, саясий диалогду тереңдетүү, соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү, 2026–2029-жылдарга карата Кызматташтык программасын ишке ашыруу, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы кызматташтык маселелери каралды.

Тышкы иштер министри швейцар тарапты 2026-жылы ЕККУга төрагалык кылуусу менен куттуктап, уюмдун алкагында тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.

Тараптар эки тараптуу мамилелердин оң динамикасын белгилеп, жогорку деңгээлдеги байланыштарды активдештирүүнүн маанилүүлүгүн баса көрсөтүштү. Соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, инвестиция тартуу, туризм тармагындагы кызматташтыкты күчөтүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле туруктуу тоо өнүгүүсү жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу темалар боюнча пикир алмашуу болду. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-швейцар өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоого жана конструктивдүү диалогду улантууга өз ара кызыкдар экенин ырасташты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: