Рубио менен Вэнс Трамптын мүмкүн болгон мураскерлери катары каралууда
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана вице-президенти Жей Ди Вэнс 2028-жылдагы президенттик шайлоодо америкалык лидер Дональд Трамптын мүмкүн болгон мураскерлери катары каралышы мүмкүн. Бул тууралуу Axios басылмасы өз булактарына таянып жазды.
Басылманын маалыматына ылайык, “2028-жылга карата президенттин кыялы — Вэнс менен Рубионун тандеми, мында Вэнс башында болмок” деп билдирген булак. Трамптын кеңешчилеринин бири мындай вариант АКШ лидерине жагымдуу болорун айткан.
Axios белгилегендей, Вэнстин 2028-жылдагы шайлоого талапкер катары көрсөтүлгөн учурда анын шайлоо өнөктүгүн уюштурууга даяр командасы бар.
Буга чейин Трамп 2028-жылдагы шайлоодо фавориттер бар экенин, бирок азырынча так бир ысымды айтууга эрте экенин билдирген. Ал Рубио менен Вэнсти “мыкты адамдар” деп мүнөздөгөнү менен, расмий түрдө мураскеринин атын атаган эмес.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















