Мексикада абактан 20дан ашык адам качып кетти
Мексикада баш аламандык учурунда Пуэрто-Вьяртадагы аймактык абактан кеминде 23 адам качып кетти. Бул тууралуу 24-февралда NMas телеканалы аймактын коомдук коопсуздук катчысы Хуан Пабло Эрнандеске шилтеме берүү менен билдирди.
Эрнандестин айтымында, качуу штаттагы массалык баш аламандык учурунда болгон. Анда белгисиз адамдар ок чыгарып, унаа менен абактын дарбазасын сүзүп, имараттын ичине киришкен. Атышуудан бир коопсуздук кызматкери каза болгон.
"Өлкөнүн ири наркокартелдеринин бири - Жаңы Халиско муунунун лидери Немесио Осегера Сервантес (кеңири белгилүү аты Эль Менчо) өлтүрүлгөндөн кийин башталган баш аламандык учурунда Пуэрто-Вьярта аймактык түрмөсүнүн 23 туткун качып кеткен",- деп айтылат билдирүүдө.
Эль Менчо көп жылдар бою наркокартелди жетектеп, өлкөдөгү эң кооптуу кылмышкерлердин бири катары белгилүү болгон.
The New York Times басылмасынын маалыматына караганда, Осегера Халиско штатындагы Тапальпа шаарында өлтүрүлгөн. Буга удаа Мексиканын беш штатында, анын ичинде Халискодо, баш аламандык жаралганы маалымдалган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















