Ар бир жетинчи эркек Бишкектин тургуну... Улуттук статистика комитетинин маалыматтары
Улуттук статистика комитети өлкөдөгү эркектердин саны, иш менен камсыз болушу жана социалдык-демографиялык өзгөчөлүктөрү тууралуу негизги статистикалык маалыматтарды жарыялады.
Маалматта жыл башына карата өлкөдө эркектердин саны 3,7 миллион адамды түзгөнү айтылат. Бул жалпы калктын 49,5 пайызын түзөт. Эркектердин болжол менен үчтөн экиси айыл жергесинде жашайт. Ошол эле учурда ар бир жетинчи эркек Бишкек шаарынын тургуну болуп саналат.
Эмгекке жарамдуу курактагы эркектердин иш менен камсыз болуу деңгээли 77 пайыздан ашкан. Иштеген эркектердин орточо жашы 39 жаш. Экономикада эмгектенгендердин арасында эң көп үлүштү 35-39 жаш курагындагы топ түзөт. Эркектер негизинен экономиканын базалык тармактарында эмгектенишет. Алардын көбү курулуш, транспорт, пайдалуу кендерди казып алуу, ошондой эле энергия менен камсыздоо (электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба) тармактарында иштешет.
"Демографиялык көрсөткүчтөр эркектердин үй-бүлөдөгү активдүү ролун да айгинелейт. 2024-жылы 45 миң эркек никеге турган. Никеге тургандардын басымдуу бөлүгү 20-29 жаш курагында. Эркектердин биринчи никеге тургандагы орточо жашы 27,6 жашты, ал эми кайталап никеге тургандагы орточо жашы 39,6 жашты түзгөн",- деп айтылат маалыматта.
Мамлекеттик башкаруу системинде да эркектердин үлүшү жогору:
• Мамлекеттик башкаруу органдарында - 55,4 пайыз.
• Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында - 62,3 пайыз.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















