super.kg logo

Кыргызстан менен Түштүк Корея университеттери үч тараптуу келишимге кол коюшту

 
Кыргызстан менен Түштүк Корея университеттери үч тараптуу келишимге кол коюшту. Бул тууралуу 24-февралда Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети жана Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институту Түштүк Кореянын алдыңкы жогорку окуу жайлары – Dong-eui Institute of Technology жана Kyungdong University менен эл аралык кызматташтык боюнча үч тараптуу келишим түзүштү.
Келишим академиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, эл аралык байланыштарды кеңейтүүгө жана билим берүү менен илим тармагындагы кызматташууну чыңдоого багытталган. Анын алкагында биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу, студенттер менен окутуучулар үчүн академиялык алмашууларды уюштуруу, мектепке чейинки билим берүү боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана маданий иш-чараларды өткөрүү пландалууда. Мындан тышкары, корей тилин окутуу боюнча окуу борборлорун ачуу каралууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: