Трамп өзүнөн кийинки президент ким болорун тандап жатканы айтылды
АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн жакын чөйрөсү менен кийинки президент ким болору тууралуу сүйлөшүү жүргүзгөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Анда Ак үйдүн башчысы барган сайын саясий тандемди карап, кеңешчилерден кимди кызматка коюуну сурап жатканы айтылган. Ал учурда өзүнөн кийинки өлкө лидери катары мамлекеттик катчы Марко Рубиону жана АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнстин бирин тандап жатканын билдирген.
Бирок АКШнын учурдагы президенти өзүнүн талапкерлиги боюнча позициясын тынымсыз өзгөртүп жатканы айтылууда. Трамп "дагы бир жолу президенттике талапкерлигиңизди коёсузбу же жокпу?" деген суроолорго так кесе жооп берүүдөн качып келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:51
2026-02-24
11:52
2026-02-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















