Москвадагы жардыруу: Полиция кызматкери каза болду

Кечээ, 23-февраль күнү кечинде Москвада жайгашкан Савёловский вокзалынын жанында болгон жардыруунун кесепетинен полиция кызматкери каза болду. Бул тууралуу алгач Telegram-каналдар, анын ичинде Baza кабарлап, кийин маалыматты Орусиянын Ички иштер министрлиги жана Тергөө комитети расмий түрдө тастыктады.
Алдын ала маалыматтарга караганда, белгисиз адам полициянын автоунаасына жарылуучу затты ыргытып, окуяны видеого тартып алган. Айрым булактар анын окуя болгон жерден качып кеткенин билдиришкен. Бирок кийинчерээк Тергөө комитети жардырууну уюштурган деп шектелген адам өзү да жардыруу учурунда каза болгонун маалымдады.
ТАСС агенттиги Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен жардыруудан Жол-кайгуул кызматынын бир кызматкери каза болгонун кабарлады. Мындан тышкары дагы эки полиция кызматкери жаракат алып, аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Азырынча колдонулган жарылуучу заттын түрү, ошондой эле кол салуунун так себептери жана шектүүнүн ким экендиги тууралуу кеңири маалымат бериле элек. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалганы кабарланды.
Учурда укук коргоо органдары окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө иштерин улантууда. Жардыруу борбордук темир жол түйүндөрүнүн бирине жакын жерде болгону коомчулукта коопсуздук чаралары тууралуу талкууларды күчөттү.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















