Ата-энесин өлтүрүүгө шектелген Голливуд режиссёру Райнердин уулу күнөөсүн мойнуна алган жок
Голливуддун атактуу режиссёру Роб Райнердин 32 жаштагы уулу Ник Райнер ата-энесинин өлүмү боюнча күнөөсүн мойнуна алган жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Ник Райнердин иши боюнча кезектеги сот жыйыны кечээ, 23-февралда өткөн. Анда шектүү ага карата коюлган күнөөлөрдү четке каккан.
"Ник Райнер киши өлтүрүү боюнча эки беренеде күнөөсүн мойнуна алган жок. Ата-энеси Роб менен Мишель Райнердин өлүмүнө байланыштуу күнөөсүз кармалып турат",- деген анын жактоочусу.
Белгилей кетсек, голливуддук режиссёр Роб Райнер жана анын жубайы Мишель Райнердин жансыз денеси өткөн жылдын 14-декабрында өз үйүндө табылган.
Роб жана Мишель Райнердин денелерин кичүү кызы Роми Райнер тапкан. Өлүмдүн себеби азырынча жарыялана элек. Лос-Анжелес полициясынын маалыматына ылайык, алардын өлүмүнө шектелип уулу Ник Райнер кармалган.
Ник Райнер – Роб жана Мишель Райнердин экинчи баласы. Ал сценарист, өзүнүн атасы режиссёрлук кылган "Быть Чарли" фильминин сценарийинин биргелешкен автору катары белгилүү. Фильмде баңгизатка көз каранды болгон өспүрүм тууралуу баяндалат жана ал өзүнүн жеке тажрыйбасына негизделгенин People журналына берген маегинде айткан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















