super.kg logo

Трамп АКШ менен келешимге келбесе Иранды кыйын күндөр күтүп жатканын билдирди 

 

АКШ президенти Дональд Трамп Иран өкмөтү АКШ менен бир келишимге келбесе, аларды кыйын күндөр күтүп жатканын айтты. Бул тууралуу Трамп өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазган.

"Мен келишим түзгөндү жакшы көрөм. Бирок биздин ортобузда келишим түзүлбөсө, Иран үчүн жана анын эли үчүн абдан жаман күн болот",- деди Ак үйдүн башчысы.

Ошондой эле ал Иран менен согушуу АКШ үчүн жеңил боло турганын белгилеген.

"Генерал Кейн баарыбыз сыяктуу эле согушту каалабайт, бирок Иранга каршы аскердик кийлигишүү чечими кабыл алынса, жеңиш оңой болоруна ишенет. Ал Ирандын өзөктүк программасын бутага алган операцияны жетектеген, Иранды жакшы билет",- деп кошумчалаган АКШнын лидери.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШ Иран менен сүйлөшүүлөрдүн кийинки раундун 27-февралда Женевада өткөрүүгө даяр экенин белгилеген.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: