Кардашьянга окшошуу үчүн пластикалык операция жасаткан британиялык тележылдыз каза болду
Улуу Британиядагы таасирдүү телешоунун алып баруучусу Жордан Жеймс Парк дүйнөлүк жылдыз Ким Кардашьянга окшошуу үчүн жасаткан пластикалык операциядан кийин каза болду. Бул тууралуу Орусиянын РИА новости басылмасы жазды.
Андагы маалымат боюнча, аталган жаран косметикага жана пластикалык хирургияга болгон ышкысы үчүн "эрин падышасы" деген лакап атка ээ болгон. Ал буга чейин эле денесине бир топ пластикалык операция жасаткан.
"Ким Кардашьянга окшогусу келген "эрин падышасы" деген каймана аты бар тележылдыз кайгылуу түрдө каза болду. 34 жаштагы аялдын өлүмү 18-февралда болгон. Полиция каза болгонго чейин пластикалык операциядан өткөнүн айтышкан",- деп жазышты жергиликтүү басылмалар.
Учурда аталган окуя боюнча эки жаран адам өлтүрүүгө шектелип жатканы айтылды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















