super.kg logo

Бишкекте акциздик маркасы жок алкоголдук продукцияны сатуу фактылары аныкталды (видео)

 
Бишкек шаарында акциздик маркасы жок продукцияларды сактоо жана сатуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Чунцин Хого" ЖЧКсына таандык соода объектисинде акциздик маркасы жок Кытай келип чыгышындагы 160 даана алкоголдук продукция, жалпы көлөмү 405 литр спирттин өзгөчө жыты бар суюктук, 124 даана кант камтыган суусундуктар аныкталган.
Ошондой эле "Выбор Востока" соода түйүнүндө акциздик маркасы жок Кытай келип чыгышындагы 248 даана алкоголдук продукция, 7 даана энергетикалык суусундуктар, 266 даана шире табылды. Аныкталган фактылар боюнча тиешелүү актылар түзүлдү жана мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт.
Мекеме акциздик продукцияны акциздик маркасы жок жүгүртүү мыйзамга ылайык жоопкерчилик чараларына алып келерин эскертет.





Бишкекте акциздик маркасы жок алкоголдук продукцияны сатуу фактылары аныкталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: