Кызыл-Кыя шаарына атайын техникалар тапшырылды
Кызыл-Кыя шаарындагы мекемелердин жетекчилерине атайын техникалардын жана автоунаалардын ачкычтары салтанаттуу түрдө тапшырылды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага мэр Алтынбек Бектуров, шаардык кеңештин төрагасы жана шаар тургундары катышты. Бүгүнкү күндө 7 даана атайын техника алынып келди, алар төмөнкүлөр:
- FAW үлгүсүндөгу суу себүүчү унаа;
- HOWO үлгүсүндөгү жол тейлөөчү унаа;
- GMA XG955N үлгүсүндөгү жүк жүктөгүч;
- HYUNDAI R60W – 9S үлгүсүндөгү экскаватор – 2 даана;
- JAC T8 үлгүсүндөгү пикап – 2 даана.
Бул техникалар шаар аймагында көрктөндүрүү-жашылдандыруу жумуштарын аткарууга алып, шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүүгө кызмат көрсөтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2026-05-31
11:29
2026-05-31
8:59
2026-05-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















