super.kg logo

Юн Сок Ёл өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүнө апелляциялык арыз жазды

 

Түштүк Кореянын мурдагы президенти Юн Сок Ёл сотко өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүнө каршы апелляциялык арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Associated Press мурдагы мамлекет башчысынын адвокаттарына шилтеме кылып жазды.

Юн Сок Ёлдун юридикалык тобу кылмыштын фактыларын аныктоодо каталар кетирилген деп эсептейт. Алар ошондой эле аскердик абалга байланыштуу мыйзамды туура эмес чечмелөө болгон деген пикирде.

Айта кетсек, 19-февралда Түштүк Кореянын соту Юн Сок Ёлду 2024-жылы өлкөдө аскердик абалды киргизгени үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Январь айында ал камакка алууга тоскоолдук жараткан деген кине менен 5 жылга соттолгон. Ага каршы жалпысынан 8 кылмыш иши козголгон.

2024-жылдын декабрында Юн Сок Ёл өлкөдө аскердик абал киргизген. Бул чечим коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, парламент аны тез арада алып салууга добуш берген. Акыры ал буйрукту алып салууга макул болгон. Андан кийин Түштүк Кореянын парламенти Юн Сок Ёлго импичмент жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: