Темир Сариев: “Мамлекеттик органдардын ишин жакшыртууга жарандардын активдүүлүгү гана көмөктөшө алат”
Бүгүн,
23-январда “Мамлекеттин коомчулук алдындагы отчёту жана
жарандардын ачык башкарууга катышуусу” аттуу эл аралык конференцияда экономика министри Темир
Сариев “мамлекеттик органдардын ишин жакшыртууга жарандардын активдүүлүгү гана
көмөктөшө алат” деп билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
“Мамлекеттик башкаруунун формасы жакшы жакка
өзгөргөнү менен чечим кабыл алуудагы механизмдерди иштетүү үчүн атайын
методдорду түзө алган жокпуз. Жарандар секторунун жардамысыз башкаруу эффективдүүлүгүн
көрсөтө албайт.
Коомдук байкоочу кеңештерди (КБК) түзүү демилгеси жакшы, бирок алар өнүгүү жолунда бир катар көйгөйлөргө туш болушууда. Кээ бир КБКлар
туруктуулугун сактай алган жок. Кеңештердин башкаруу органдарынын ишине
кийлигишип жаткан учуру да кездешкен. Бул туура эмес. Менин оюмча, мамлекеттик
башкаруу органдары менен жарандык коомчулуктун ортосундагы мамилени ачыктап
туруу КБКнын негизги максаты болуп эсептелет”,- деди Темир Сариев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

