Жолдо 6 суроонун төртөөсүнө жооп бере албагандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу сунушталууда
Жол эрежелеринин одоно бузган айдоочулар жол тескөөчүлөрү тарабынан токтотулуп, жеринен сынак алынат. Бул тууралуу ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү комитетиинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жол эрежесин одоно бузуу деп 8 эреже бекитилген. Алардын бирин бузган айдоочуга 6 суроо берилет.
"Планшет жол эрежелери боюнча суроолордун ичинен 6 суроону тандап берет. Айдоочу 4 суроого жооп берсе, анда протокол түзүлүп, өзү кете берет. Эгер жооп бере албаса, анда анын ошол жерден айдоочулук күбөлүгү алынат",- деди Бийбосунов.
Белгилей кетсек, бул боюнча мыйзам биринчи окууга киргизилип жатат.
Жол тескөөчүлөрдүн 6 суроосунун 4үнө жооп бере албасаң айдоочулук күбөлүгүңдөн ажырайсың
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2026-02-24
15:55
2026-02-24
14:30
2026-02-24
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















