super.kg logo
  Саясат  

Кайсы жол эрежелерин бузганда экзамен алынышы мүмкүн?

 

Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жол эрежелерин одоно бузган айдоочулардан жол тескөөчүлөр экзамен алышарын билдирди.

Ал бузулган унааны айдаганда, унааны номуру жок айдаганда, жол тескөөчүнүн тосконуна токтобогондо, белгиленген ылдамдыктан ашырганда, жол чырактарга баш ийбегенде, жөө жүргүнчүлөрдүн жолу менен айдаганда, атайын жарык берүүчү же үн чыгаруучу жабдыктар менен жүрүүдө, каршы тилкеге чыкканда, автоээнбаштыкта, материалдык чыгымга алып барган жол кырсыгына себепчи болгондо, кооптуу жүктөрдү ташууда жана кошумча жабдыктарды мыйзамсыз орнотуп алган учурда айдоочудан жеринен сынак алынарын тактады.

Бийбосунов мындай учурларда айдоочуга 6 суроо берилерин, анын төртөөсүнө жооп бере албаса, анда айдоочулук күбөлүгү алынарын айтат.

Белгилей кетсек, бул боюнча мыйзам долбоору биринчи окууга киргизилип жатат.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: