super.kg logo

Зеленский алгачкы жолу өзүнүн бункерин көрсөттү (сүрөт)

 

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев шаарында жайгашкан өзүнүн бункерин көрсөттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, анын видеосун бөлүштү.

Маалыматтар боюнча, коммуникациялары бар жер астындагы баш калкалоочу жай СССР убагында АКШ менен өзөктүк согуш болгон учурда курулган. Зеленский аталган жайды эки жылдан бери колдонуп келе жатканын белгилеген.

"Мен бункерде эки жылдан бери жашап жатам. Ушул жерде уктаган күндөрүм болду. Азыр түнкү аба чабуулунун сигнализациясы болгон учурда ушул жайга түшөм",- деген ал.

Жарыяланган видеодон бункер узун коридордон, президенттин иш бөлмөсүнөн жана башка бир нече бөлмөдөн турарын көрүүгө болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: