Улуттук илимдер академиясына кызматтык унаалар тапшырылды
МинКаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов Улуттук илимдер академиясына 26 бирдик атайын кызматтык автотранспорт каражаттарын тапшырды. Бул тууралуу 24-февралда Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул транспорт каражаттары академиянын илимий мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында жана башка талаа илимий-экспедициялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн 44 миллион 800 миң сомго сатылып алынган.
"Улуттук илимдер академиясына мамлекет тараптан ар тараптуу колдоо болуп жатат. УИАнын имараты толук жаңыланып, кызматкерлердин айлык маянасы эки эсеге жогорулады. Ал эми эми бул автотранспорт каражаттары өлкөнүн жетүүгө кыйын жана алыскы аймактарында жүргүзүлүүчү илимий изилдөөлөрдү, экспедициялык иштерди камсыз кылууга, ошондой эле мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык тапшырмаларды аткарууга көмөк болот", - деп билдирди орун басар.
Өз кезегинде Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов сөз сүйлөп, көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн мамлекеттин жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















