Аудиожазуудан соң 2 министр кызматтан алынды
Президенттин администрациясы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев кызматтан алынганын кабарлады.
Бирок маалыматта алардын кызматтан бошотулушунун себептери ачыкталган эмес.
Бирок аталган эки министрдин тең кызматтан алынышы социалдык тармактарга тараган аудиожазуудан соң болуп жатат. Аудиожазуудан Төрөбаев менен инисинин сүйлөшүүсүн угууга болот. Анда Досмамбетов менен Таймурас Ташиевдин аттары аталат.
Белгилей кетсек, Төрөбаев айыл чарба министри болуп 2023-жылдын декабрында дайындалган болчу. Ага чейин Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты жана өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеген.
Ал эми Досмамбетов саламаттыкты сактоо министри болуп өткөн жылдын 24-декабрында дайындалган. Ага чейин УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгын жетектеген. Ал коомчулукка июль айында Жалал-Абаддын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөрүп, анда бир нече адамды карматканы менен таанылган.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















