super.kg logo

Чыңгыз Токтобеков Жапониянын Стамбулдагы башкы консулу менен жолукту

 

Бүгүн, 24-февралда Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы башкы консулу Чыңгыз Токтобеков консулдуктун имаратында Жапониянын Стамбул шаарындагы башкы консулу Ивама Рёдзи менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу башкы консулдуктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташуунун учурдагы абалы жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары боюнча пикир алышты. Ошондой эле консулдук тармактагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен иш-чараларды уюштуруу маселелери талкууланды.

Тараптар өз ара пайдалуу сунуштарды камтыган диалогду улантууга жана кызматташууну мындан ары бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: