super.kg logo

Жылдыздуу түгөйлөр BAFTA Awards кызыл килеминде жаркырады

 

Лондондо өткөн абройлуу BAFTA сыйлыгын тапшыруу аземинде кызыл килемге чыккан жылдыздуу түгөйлөр коомчулуктун өзгөчө көңүлүн бурду.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Уэльстин ханзаадасы Уильям жубайы Кэтрин, Уэльс ханайымы менен катышып, жарашыктуу образдары менен айырмаланды.

Ошондой эле актриса Кирстен Данст жолдошу Жесси Племонс менен кызыл килемге чыкса, ирландиялык актёр Киллиан Мерфи жубайы Ивонн Макгиннесс менен чыкты.

Кеченин дагы бир көңүл борборундагы түгөйлөр Тимоти Шаламе жана Кайли Женнер болду. Алардын чыгышы социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты.

Мындан тышкары актриса Роуз Бирн менен актёр Бобби Каннавале, ырчы Грейси Абрамс жана актёр Пол Мескал, ошондой эле актриса Кейт Хадсон менен музыкант Дэнни Фудзикава да иш-чаранын көркүн ачты.

Жылдыздардын жарашыктуу образдары жана романтикалуу көрүнүштөрү бул жылдагы BAFTA сыйлыгынын эң көп талкууланган учурларынын бири болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: