Франция жана Улуу Британия Украинага өзөктүк курал берүү планы бар экенин четке какты

Франция, Улуу Британия жана Украина өзөктүк курал берүү боюнча маалыматтарды четке какты. Бул тууралуу РБК кабарлады.
Улуу Британиянын Москвадагы элчилиги Украинага өзөктүк курал же ага байланыштуу мүмкүнчүлүктөр берилбегенин жана мындай кадам жасалбай турганын билдирди.
Франциянын дипломатиялык өкүлчүлүгү да Орусиянын атайын кызматтары тараткан маалыматты төгүндөдү. Алар бул билдирүүнү "толугу менен жалган" деп аташты.
Украинанын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Георгий Тихий Reuters агенттигине берген комментарийинде мындай айыптоолорду "абсурд" деп мүнөздөп, расмий Киев аларды четке кагарын билдирди.
Буга чейин Орусиянын Тышкы чалгын кызматы Лондон менен Париж Украинага өзөктүк курал жана аны жеткирүү каражаттарын берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирген. Анда бул тармактагы европалык тетиктерди, жабдууларды жана технологияларды жашыруун жеткирүү тууралуу сөз болгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















