Чүйдө кошунасын сабоого шектелип 44 жаштагы жаран кармалды
Москва районунда ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелип 44 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.Маалыматка ылайык, 4-январда Ак-Суу айылынын 48 жаштагы тургуну өз үйүндө 44 жаштагы кошунасы менен чогуу спирт ичимдигин ичкен. Алардын ортосунда чыр чыгып, кошунасы анын денесине залал келтирген. Натыйжада ал 7-январда райондук оорукананын травматология бөлүмүнө кайрылган.
Соттук-медициналык экспертиза дене жаракаттары анын өмүрүнө коркунуч келтирген деген тыянак чыгарган. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















