Ош шаарынын тургундары электр энергиясын берилген лимиттен ашыкча колдонуп жатышат
"Ош шаарынын тургундары кыш мезгилинде электр энергиясын көп колдонуп жаткандыктан, тийиштүү жабдыктар жогорку чыңалуу менен иштеп жатат" деп билдирди бүгүн, 23-январда райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Данияр Сыдыков.
Анын айтымында, белгиленген лимит айына 3 миллион 900 миң киловатт болсо, кышында бул көрсөткүч 4 миллион 200 миң киловаттка чейин көтөрүлүп жатат.
«Электр энергиясын берилген чектен көп колдонуудан улам эскилиги жеткен трансформаторлор иштен чыгып, авариялык абал түзүлүп жатат. Аларды оңдоо үчүн 6 бригада иш алып барууда. Алар авария болгон жерлерди бир күн ичинде оңдоп жатышат. Лимиттен ашып жаткандыгынын себеби, шаар калкынын санынын көбөйгөндүгүндө»,- деди Сыдыков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

