super.kg logo

ӨКМ көчкүгө байланыштуу ыкчам билдирүү таратты

 
Кыргызстандын тоолуу аймактарында жана ашууларында 26-28-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин Гирометеорология кызматы маалымдайт.
Бул күндөрү жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Кар көчкү жана кар күрткү коркунучу бар аймактар:
  • Бишкек - Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдары (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу);
  • Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдары;
  • Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 45-112-чакырымдары (Чапчыма ашуусу);
  • Красная-Горка - Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдары;
  • Сары-Таш - Дароот-Коргон - Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдары;
  • Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдары (Долон ашуусу);
  • Арал - Миң-Куш унаа жолунун 1-14-чакырымдары;
  • Арал - Суусамыр жолунун 8-21-чакырымдары;
  • Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад унаа жолунун 201-205-260-290 жана 326-349-чакырымдары (Көк-Арт ашуусу);
  • Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдары (Чоң-Ашуу ашуусу).





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: