super.kg logo
  Саясат  

Депутат парламентте ЖРТга даярдык боюнча маселе көтөрдү (видео)

 

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков бүгүн, 25-февралдагы парламент жыйынында окуучулардын жалпы республикалык тестирлөөгө даярдыгы тууралуу маселе көтөрдү.

Айтымында, учурда жер-жерлерде тестирлөөгө даярдыктар жүрүп жатат.

"Бирок алар даярдык үчүн окуучуларды Бишкекке жөнөтүп жатышыптыр. Экинчиден, каржылык маселеси бар. Ар бир тесттин (ред.: негизги, предметтик, мамлекеттик тил боюнча тест) каттоо акысы 470 сомдон экен. Натыйжада бир бүтүрүүчүдөн орточо эсеп менен кеминде 1140 сом кетет экен. Алар борборго келсе, канча акча коротушат? Кээ бирлеринин тууган-уруктары бар, кээ бирлеринин туугандары жок. Алар батирлерге жашашы керек. Дагы акча каражаты кетет",- деди эл өкүлү.

Өмүрзаков өткөн жылы жалпы 56 159 бүтүрүүчү ЖРТ тапшырганын, мындан Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборуна орто эсеп менен 64 миллион сомдой каражат түшөрүн белгиледи.

"Ушул борбордон мектептерге акча бөлүп беришсе, мугалимдерге кошумча төлөм төлөнүп, окуучулар аймактардан эле даярдыктан өтүшсө жакшы болмок. Ушул маселе боюнча көңүл буруп, карап койсоңуздар",- деген депутат төрага Марлен Маматалиевге кайрылды.

Маалымат үчүн: Өлкөдө быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 17-февралдан 2-апрелге чейин жүргүзүлөт. Каттоо шарттары тууралуу шилтемеден окуй аласыз.











Депутат ЖРТ боюнча айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: