Токтогулда баңгизат даярдоого шектүү жарандар кармалышты
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда баңгизатын мыйзамсыз даярдоого шектүү жарандар кармалышты. Бул тууралуу облустун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “Бандит” жана “Уурулук” аталышындагы рейддик иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек – Ош автожолунда ВАЗ үлгүсүндөгү автоунаа текшерүүгө алынган. Текшерүү учурунда автоунаанын ичинен ак целлофанга оролгон, өзгөчө жыты менен айырмаланган салмагы 272 граммды түзгөн зат табылган. Алынган затка карата соттук-химиялык экспертиза дайындалган.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 1992-жылы туулган А.А., К.Ж., Р.С. жана 1991-жылы туулган А уулу К. аттуу жарандар кармалып, райондук сот тарабынан эки айга камакка алынышты. Учурда тергөө амалдары улантылууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















