super.kg logo

Энергетика министри Ибраев бүтүрүүчүлөргө кайрылды (видео)

 

Энергетика министри Таалайбек Ибраев бүтүрүүчүлөргө жана жаштарга кайрылуу жасап, өлкөнүн энергетика тармагында жүрүп жаткан ири реформалар жана стратегиялык долбоорлор тууралуу айтып берди.

Министр анда жаңы ГЭСтердин курулушу, электр тармактарын модернизациялоо жана энергетикалык коопсуздукту чыңдоо багытындагы иштерге токтолуп, тармак квалификациялуу техникалык адистерге муктаж экенин белгиледи.

"Биздин энергетика тармагы акыркы жылдары чоң өзгөрүүлөргө, реформаларга жана өнүгүү багытындагы ири долбоорлорго туш болуп жатат. Жаңыча ой жүгүртүү менен иштеп, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө багыт алып жатабыз. Өлкөдө жаңы ГЭСтер курулуп жатат. Эски электр түйүндөрү модернизацияланып, сапаттуу жана туруктуу электр энергиясын берүү боюнча иштер күчөтүлүүдө",- деди министр.

Ибраев жаштарды кесиптик-техникалык билим алууга жана энергетика тармагын тандап, өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө салым кошууга чакырды.

"Жаштар, туруктуу, маанилүү жумушту каласаңар - энергетика тармагы сиздер үчүн чоң мүмкүнчүлүк берет. Келгиле энергетика тармагын тандап, өлкөнүн келечегине салым кошолу",- дейт Ибраев.






Энергетика министри бүтүрүүчүлөргө кайрылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: