Базар-Коргондо 9 гектар жер мамлекеттин менчигине кайтарылды
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 9 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу 26-февралда Башкы прокуратурадан билдиришти.Маалыматка ылайык, 2006-жылы Кеңеш айыл өкмөтүнүн 1-Май айылынын айыл чарба багытындагы жерлеринде жайгашкан, жалпы аянты 9,2 гектарды түзгөн жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактардын менчигине өтүп кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында базар баасы 7 миллион 763 миң сомду түзгөн 9,2 гектар жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:59
2026-05-31
11:08
2026-05-30
0:22
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















