Депутат Муратбеков спикерге караштуу Жаштар кеңеши түзүлгөнүн билдирди
Бүгүн, 26-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Табылды Муратбеков парламенттин төрагасына караштуу Жаштар кеңеши түзүлгөнүн билдирди.
Ал тиешелүү тескемеге спикер Марлен Маматалиев кол койгонун белгилеп, мындай чечим Жогорку Кеңештин жаштар менен өз ара байланышын чыңдоо максатында кабыл алынганын айтты.
Эл өкүлү жаңы түзүлгөн кеңештин ишинин негизги максаттары, милдеттерине токтолду.
"Кеңештин негизги багыттары – мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү, жаштардын демилгелерин жана долбоорлорун колдоо, жаштардын ишкердик, инновациялык жана инвестициялык долбоорлорун өнүктүрүүгө көмөктөшүү, жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, билим берүү, илим, маданият, спорт жана санариптик өнүгүү жаатындагы жаштар долбоорлорун колдоо болуп саналат",- деди Муратбеков.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















